Окуу жылы аяктап, жайкы эс алуусу жакындады. Адаттагыдай ата-энелер узак каникулда балдарынын убактысын пайдалуу жана көңүлдүү уюштурууга аракет кылышат. Айрыкча жумуштан колу бошобогон ата-энелер балдарын күндүз үйдө жалгыз калтыра албай, лагерлерди, ийрим жана башка жайларды издешет.
24.kg агенттиги балдардын эс алуусун ойдогудай жана көңүлдүү өткөрө турган жайкы лагерлердин тизмесин жазып чыкты.
«Флиппер» жайкы лагери
«Флиппер» жайкы лагери Бишкектин Матросов менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алат. 14 күндүк эс алуу 4 миң 500 сомдун тегереги. Анда 4 маал тамак-ашы каралган.«Жомок»
«Жомок» жайкы лагери Горький көчөсү менен Абай көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда 6 жаштан 9 жашка чейинки жеткинчектер кабыл алынат. 2 жума эс алуу үчүн 4 миң сом талап кылынат.«Радуга»
«Радуга» жайкы лагери борбор калаанын 3-кичи районунда жайгашкан. Анда 6 жаштан 11 жашка чейинки балдар-кыздар кабыл алынат. Эс алуучуларга 4 маал тамак берилет. Бир айлык баасы 8 жарым миң сом.
«Точка роста» жайкы лагери
«Точка роста» жайкы лагери 7-кичи райондо орун алган. 6 жаштан жогору 14 жашка чейинки улан-кыздар кабыл алынат. Бул жайда дагы 4 маал тамак-аш каралган. 10 күн үчүн 7 жарым миң сом төлөйсүз.«Sun City Кегети» жайкы лагери
Эгерде балдарыңызды шаардын четиндеги лагерлерге алып барууну кааласаңыз сизде тандоого кеңири мүмкүнчүлүк бар. Алардын бири «Sun City Кегети» жайкы лагери Ысык-Ата районуна караштуу Кегети капчыгайында жайгашкан. Бишкек шаарынан 75 чакырым аластыкта. 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кабыл алынат.