14:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ТИМ Түркиядагы кыргыздар менен мигранттардын укугун коргоо жаатында сүйлөштү

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиядагы мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда Чыңгыз Айдарбеков мекендештерге чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого багытындагы иштер боюнча маалымат берди.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 10-апрелинде Түркияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө анын кыргыз диаспорасынын активи менен жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча берилген тапшырмаларынан келип чыккан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Министр ушул жылдын 7-майында Түркиянын тышкы иштер министри менен боло турган сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө принципиалдуу түрдөгү бир катар маанилүү макулдашуулар күтүлүп жатканын мекендештерге маалымдады». — дейт министрлик.

Эң көп окулган жаңылыктар