Санкт-Петербургда кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү делген киши кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон адам Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран болуп чыккан.
Аталган кылмыш ишине шектелип Орусиянын тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылууда.