09:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кеңеш. Сергек жана жаш бойдон калуунун негизги жолу

Баары эле дени сак болууну каалашат, бирок кээ бири ден соолукту чыңдоого түрткү берген айрым эрежелерди кармана беришпейт. Ден соолукка байланышкан көйгөйлөрдүн негизги себеби- курчап турган айлана чөйрөдө эмес, адамдардын жашоосундагы көнүмүш адаттары.

Жөнөкөй, бирок ошол эле убакта көңүл сыртында калган айрым эрежелер бар.  24.kg агенттиги дал ошол биз маани бербеген, бирок ден соолукка пайда алып келе турган 7 кеңешти сунуштайт.

1

Ооруп калсаңыз «гуглдан» жардам күтпөңүз

Эгерде өзүңүздү жаман сезип, абалыңыз начарласа дароо дарыгерге кайрылганыңыз оң. Эч качан интернетке кирип өз алдынча дарыланбаңыз. Ар кандай форумга кирип, катталуучулардын пикирлери менен өзүңүзгө дарыгер болбоңуз. Эгерде дениңиз сак болсо дагы жылына бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп коюңуз.

2

Тамак-аш рациондон үнөмдөбөңүз

Витаминдүү, табийгый азыктар кымбат баада сатылышы мүмкүн. Бирок, туура жана балансты сактап тамактануу -ден соолуктун жана узак жашоонун булагы экенин унутпаңыз. Мындан тышкары мыкты рацион бой-келбетти жакшыртып, улгаюу процессин кечеңдетет. Териге, чачка, тырмакка жакшы таасирин берет. Ар дайым тамак-ашыңыздын курамында пайдалуу гречка, күрөң күрүч, овсянка, балык, жашылча, жемиш, данек, жаңгак, оливка майы жана зыгыр майы болушу керек.

3

Уйкунун жетишсиздиги ден соолукка зыян

Колдон келишинче уйкуга дагы убакыт бөлүп, 8 саат эс алуу керек. Бул убакыт аралыгында организмге керектүү болгон меланин заты иштелип чыгат.

4

Чылым чегүүдө бырыш басып, улгаюу процесси тездейт

Жаш, сулуу бойдон калууну аялдар гана эмес эркектер дагы каалашат. Чылым — ички органдарга гана эмес, сырткы келбетке да терс таасирин берет. Мындан улам чылым чекендер өз жашынын улуу көрүнүшөт.

5

Күнгө чени менен күйүш керек

Көпчүлүк денесинин жылтырап күнгө күйгөнүн жактырышат, бирок бул теринин карышына алып келет да, бырыш түшөт. Күндөн коргой турган кремдин жардамы менен гана күйүүгө болот.

6

Спорт менен дос болуңуз

Физикалык активдүүлүк бой келбетти жакшыртып, психологиялык жактан жардам берет.
Терезеден чуркап жүргөндөрдү карап отура бербей, алардын катарын кошул. Аз кыймылдоо кандай гана кооптуу (семирип кетүү, геморрой, жана башка оорулар) болсо, ашыкча активдүү кыймыл дагы (бир жерин кокустатып алуу, белин оорутуп алуу) ден соолукка зыян бериши мүмкүн.

7

Азыктардын курамын сөзсүз окуңуз

Азыктардын таңгактарына ГМОсуз жана нукура деп жазып коюшат. Бирок, бул пайдалуу гана компоненттерди камтыйт дегенди билдирбейт. Эгерде таңгакта сен билбеген, мурда укпаган аталыштар болсо, анда баш тартыңыз.