13:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Республикада кошуна өлкөлөр менен болгон мамилени бузууну каалаган күчтөр бар

Республикада кошуна өлкөлөр менен болгон мамилени бузууну каалаган күчтөр бар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын 25 жылдыгында сүйлөп жатып билдирди. 

Ал билдиргендей, дүйнөдө жана аймактарда улутчулдук өсүп жатат. Айтымында, бул саясий максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

«Биздин өлкөдө дагы коңшулар менен мамилени бузууну көксөгөндөр бар. Демократиялык жетишкендиктерибизди, мамлекеттин ачыктыгын пайдаланып алар элге жалган идеяларды таңуулап жатат. Чагымчылдыкка үндөп жатышат. Биз улуу сыноо болуп калган, эки ынкылаптан кийинки жетишкендиктерибизге аяр мамиле кылышыбыз керек», -деди мамлекет башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар