Бишкектеги Анкара менен Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүлбакчада 3 метрлик комуз, тегирмен, отургучтар орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жыгачтан жасалган буюмдар Бишкек жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлерине таандык.
Жаңы эс алуу жайы «Алтын-Ордо» жана «Кара-Жыгач» калктуу конуштардын калкы үчүн ачылат. Буга чейин мэрия жаңы гулбакчанын аянты 25 миң чарчы метрге жете тургандыгын билдирген.