10:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектеги гүлбакчадан шам чырактарды талкалап кетишти

Бишкектеги Айни менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүлбакчадан шам чырактарды талкалап кетишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкексветтин кызматкерлери сырткы жарыкты дароо калыбына келтиришти. Анда 65 лампа жана 12 шар жарык бергич алмаштырылды.

Мэриядан билдиришкендей, бул шам чырактарды талкалап кеткен алгачкы окуя эмес. Муниципалитет шаардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар