08:27
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Борбор калаадагы Жал кичирайонунда жаңы гүлбакча ачылды

Борбор калаадагы Жал кичирайонунда жаңы гүлбакча ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эс алуу аймагын куруу үчүн шаардык бюджеттен 3,5 миллион сом каралган. Гүлбакчаны оңдоо иштери 2 ай жүргүзүлдү.

Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров билдиргендей, бийлик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ишти улантууда.

«Шаар жетекчилигинин башкы максаты -тургундарга жана меймандарга ыңгайлуулук жана жайлуулук тартуулоо», -деди ал. 

Эң көп окулган жаңылыктар