Бишкек жашылдандыруу чарбасы «Театралдык» гулбакчасында калыбына келтирүү ишин баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине муниципалдык ишкананын башчысы Элнура Жолдошева билдирди.
Анын айтымында, гүлбакчадагы эски асфальт алынып, брусчатка алмаштырылат. Чакан архитектуралык формалар жана отургучтар орнотулат.
Долбоорду Бишкек жашылдандыруу чарбасынын агрономдору менен дизайнерлери иштеп чыгышкан.