01:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Журналисттер президенттен «Азаттыктын» кабарчысын коргоону суранышты

Кыргызстандын журналисттери жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазышты. Анда алар 50 миллион сомдук доо арызга жыгылган «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду коргоп калууну өтүнүшкөн.

«Сиз буга чейинки бир катар билдирүүңүздө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, коррупционерлер коомчулуктун алдында ашкереленээрин, кандай гана коррупциялык иштер болбосун анын сот тарабынан аныкталып, өз баасын аларын билдирип, коррупционерлердин атын ачык атоону калайык калктан сурандыңыз эле.

Ошондон кийин жарандар, журналисттер да мамлекеттик саясатка таянып, Сизге ишенип коррупцияга баткан тармактар, жетекчилер тууралуу ачык ойлорун билдирип, атайын көрсөтүүлөрдү жасап келишет. Мисалы, «Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: Салыктан буйтаган «ишкерлер» деген журналисттик иликтөө жасап, анда Оштогу ири ишкери деген Жалил Атамбаевге таандык бир канча ишканалар мамлекетке жарытылуу салык төкпөй келгенин мисал келтирген эле.

Журналист фактыларга таянуу менен коррупцияга шектүүнүн атын гана ачык атады, басма сөз стандарттарына ылайык Жалил Атамбаевге да микрофон сунуп, мүмкүнчүлүк берди.

Буга карабай, анын кысымга алынышына Конституциянын кепили катары Сиз жол бербешиңиз керек!» деп жазылат кайрылууда.

29-апрелде милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган.


Эң көп окулган жаңылыктар