Шаар күнүнө карата уюштурулган концерттен кийин муниципалдык унаа шаардыктарды акысыз ташыйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтынан коомдук унаалар кечки саат 9дан түнкү 12ге чейин эл ташыйт.
Бүгүн № 7, 9, 38, 42 автобустар менен № 4, 10, 7, 8, 2, 14 троллейбустар каттамакчы.