Санкт-Петербургда "Түндүк корона" мейманканасын оңдоо маалында Кыргызстандык 37 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.
Кечээ курулуш аянтчасында жер чөгүп, кесепетинен экскаватор коңторулуп кеткен. Анын ичиндеги айдоочу, кыргызстандык жаран окуя болгон жерде жан берген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.