19:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Таш-Көмүрдө жер көчкү коркунучунан улам 2 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү

25-апрелде саат 21:10 чамасында Таш-Көмүр шаарында жер көчкү коркунучунан улам 2 үй-бүлө түндөп убактылуу башка жакка көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын Салиева көчөсүндө жайгашкан 2 үйгө жер көчкү түшүү коркунучу жаралган.

Анын кесепетинен 2 үйдүн жашоочулары саат 21:30да убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Бүгүн, 26-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар