Республика боюнча 634 гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн былтыркы жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда айтты.
Анын билдиргенине караганда, 1900 гектар сугат жердин суу менен камсыздоосу жогорулады.
«Айдоо аянттары — 1 миллион 214 миң гектарды түзүп, 7 миң гектарга кеңейди. Айыл чарбасындагы потенциалыбыз абдан зор, бирок учурдагы натыйжалар жетишсиз. Бүгүн республика боюнча 350 миңден ашык дыйкан чарбалары бар, ал болгону ИДПнын 12 пайызын гана камсыз кылат», — деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.