10:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент: 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт

Ирригация программасын ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп отурабыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу маалымат жыйында айтты.

Айтымында, программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет — жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички миграция токтойт.

«Ирригация программасына ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калктуу конуштар, чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт», -деди өлкө башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар