03:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сугат жерлердин 4,4 миң гектар аянтынын мелиоративдик абалы жакшыртылды

Кыргызстанда сугат жерлеринин 4 миң 472 гектар аянтынын мелиоративдик абалы жакшыртылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка 5 ирригация объекттеринин курулушу, 634,7 чакырым каналдардын, 683 гидротехникалык, 275 гидрометрикалык тосмолордун, 8 суткалык жөндөө бассейндердин, 105 насостук станциялардын, 172 насостук агрегаттардын оңдоо, 23 насостук агрегаттарды алмаштыруу иштери жасалган.

«223,6 чакырым коллектордук-дренаждык торчолордун механикалык тазалоосу бүткөрүлдү. Жыйынтыгында сугат сууну жеткирүүдөгү жоготуулар 30 пайызга, сугат сууну жеткирүү 20 пайызга жогорулады», — деп кошумчалады министр.

Эң көп окулган жаңылыктар