09:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Коррупция менен күрөшүү. Бишкек, Оштун мектептери жаңы корпустуу болушат

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар курулат. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебине жана Бишкек шаарындагы № 59-орто мектепке барганда айтылды. 

Сооронбай Жээнбеков мурда да бир нече мектептерге барып, алардын абалы менен таанышкан соң коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же кошумча окуу корпустарын курууга жумшалат деп убада кылган.

Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык акча каражаттары жана мүлктөр мамлекетке кайтарылган.

Бишкек шаарында № 12-мектеп-гимназия, № 69-комплекс-гимназия, № 54-орто мектеп, № 18-орто мектеп, № 59-орто мектеп, № 72-орто мектеп-гимназиясы, № 16-орто мектеп;

Чүй облусунда Новопавловка орто мектеби, Атбашы орто мектеби, Орок орто мектеби, Ч. Айтматов орто мектеби, Төмөнкү Ала-Арча мектеби, Т. Актанов атындагы орто мектеп, № 2-Баранов атындагы орто мектеп, Новопокровка айылы;

Ош шаарында № 7-Нариман мектеп-гимназиясында жаңы корпустар курулмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар