Франция Сооронбай Жээнбековду расмий иш сапар менен күтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун француз кесиптеши Жан-Батист Лемуан менен жолугушуусу учурунда айтылды.
Министрдин билдирүүсүндө, учурда иш сапардын мөөнөтү такталууда.
«Кыргызстан Франциядан инвестицияга кызыкдар. Биздин өлкөдө француз ишканалары ийгиликтүү иш алып барат», — деди министр.