18:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз алтыны. «Кумтөр» кенинин Кыргызстандын экономикасындагы орду

Алтын — Кыргызстандын экономикасынын локомотиви. Ал ички дүң өндүрүмүндө, өнөр жайында башкы ролду ойнойт. Биз «Кумтөрдүн» экономикага пайдасын карап чыктык.

Эки компаниянын ийгилиги — экономикалык өсүү

Өкмөттүн маалыматында, 2018-жылы өндүрүш тарманы 250,6 миллиард сомдук зат өндүргөн. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 5,4 пайызга өскөн.

ИДӨнүн өсүүсүнө өндүрүш тармагынын «Кумтөр» менен бирге салымы 1 пайыз. ИДӨ түзүмүндө өндүрүш 18,6 пайызды түздү.

Өндүрүш тармагынын өсүүсү «Кумтөр» кенинин туруктуу иши жана «Алтынкен» ишкананын ишке киришине байланыштуу камсыз болду

өкмөт
«Кумтөр» 2018-жылды ийгиликтүү аяктады. 534 миң унций алтын алынды. Металлды иштетүү боюнча көрсөткүчтөр 24 миң унцийден ашты. «Алтынкен» ишканасында өндүрүү 2018-жылы 2,9 эсеге өстү. Ага балуу металлдарды өндүрүүнү 4,4 пайызга көбөйтүү дагы түртү болду.

2018-жылдын жыйынтыгында кен байлыктарды казыы 8,1 пайызга көбөйдү.

Энергетика, өндүрүш жана кен байлыктарды колдонуу комитетинин маалыматында, өткөн жылы Кыргызстанда 20 тонн 403 килограмм 50 миллиард сомго алтын алынды. Мында «Кумтөрр Голд Компани» үлүшү — 16 тонн 626 килограмм алтын (46 миллиардов 143 миллион сом).

Алтын барда өнүгүү бар

2018- жылы «Кумтөрдүн» алтыны көп кенди казууга өткөндүгүнө байланыштуу көрсөткүчтөр жогорулады.

«2018-жылы «Кумтөр» алтын экспорттоо жана өндүрүүнү көбөйтүү менен ИДӨнүн көрсөткүчтөрүн өстүрүү мүмкүн экендигин ачык көрсөттү», — деп экономика министри Олег Панкратов декабрь айында айткан.

«Кумтөр» — кургак сандар, экономикалык көрсөткүч гана эмес. Ал татыктуу айлык акы жана Ысык-Көл облусунун элинин жумуш менен камсыз болуусу.

Бүгүн компаниянын кызматкерлеринин 97 проценти Кыргызстандын жарандары. Акырындап чет элдик адистердин баарынын ордун кыргызстандыктар басууда.

Салыктык төлөөлөр

Экономикалык көрсөткүчтөр гана эмес, бюджет дагы «Кумтөргө» байланыштуу. Жыл сайын «Кумтор Голд Компани» салыкты так төлөп, өлкөдөгү беш ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кирет.

1994 −2018-жыл аралыгында компания Кыргызстанга 3 миллиард 774 миллион доллар төлөдү.

2018-жылы ар кандай төлөмдөр болуп жалпысынан 301,938 миллион долларга, 9 миллиард 554,9 миллион сомго жетти.

Кен иштей баштагандан бери салык жана бажы төлөмдөрү катары республикалык бюджетке 1 миллиард 192,929 миллион доллар которулган. 209,126 миллион доллар Социалдык фондго чегерилди. А 69 миллион 945 миң доллар Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн.

«Кумтөр» ишкерликти өнүктүрүүгө да жардам берүүдө

«Кумтор Голд Компании» экономикага кошкон салымы менен гана чектелген жок. Ал Ысык-Көл облусунун

аймагын өнүктүрүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду каржылоодо. Аймакта анын эсебинен жаңы ишканалар ачылууда.

«Биз үчүн азыркы ишканалардын, долбоорлордун баарынын өз алдынча болуп, туруктуу киреше алып келип, аймактын өнүгүүсүнө салым кошушу маанилүү», — дейт компания.

12 жыл ичинде Ысык-Көл облусунда микрокредиттик агенттиктердин эсебинен 5 миңдей жаңы жумуш орду түзүлдү.

Компаниянын каржылоосундагы финансалык институттар арзан үстөк наркта насыяларды берип жатышат.

«Компания жаш ишкерлердин долбоорлорун колдойт. «Одно село- один продукт», «Карагат+», билим берүү, жаңы технологияларды киргизүү жаатындагы долбоорлор менен иш алып барат», — дейт компания.

Эң көп окулган жаңылыктар