Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Мекеменин маалыматында, 18-19-апрелде тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында, 223-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
ӨКМ, айдоочулардан 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
19-20-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот.