20:51
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Германия кыргыз студенттерин кабыл алууга даяр

Германия билим берүү жаатында жаштар менен алмашуу боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алды. Бул тууралуу ГФРнын федералдык канцлери Ангела Меркель билдирди.

«Биздин өлкөлөр ортосунда билим берүү чөйрөсүндө 25 өнөктөшүбүз бар. Германияда 500дөн ашык студенттер окушат жана сиздердин делегацияда немис азчылыгынын өкүлдөрү бар. Алар биздин өлкөлөрдү бириктирген көпүрө болушууда. Бүгүн Кыргызстанда дагы 8 миң немистер жашашат», — деп белгиледи ал.

Ангела Меркель кечээ Мюнхенде өткөн экономикалык форум эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жакшы старт болуп калганын белгиледи.

«Сиздер Кыргызстанды жана өлкөнүн өнүгүү чөйрөлөрүн жакшы көрсөттүңүздөр. Өлкөнү регионалдык бекемдөө боюнча милдеттерге чоң урматтоо менен караймын. Өзгөчө сууну пайдалануу жана климат чөйрөлөрүндөгү иш-чараларды Арал деңизин сактоо боюнча фонддун алкагында бул көйгөйлөрдү биргелешип чечебиз. Евробиримдик азыр Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгууда жана бул контекстте биз сиздерден сунуштарды уккубуз келет», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар