Мюнхен шаарында өткөн кыргыз-герман бизнес форумунда 1 миллиард еврого келишим түзүлдү. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун ГФРнын федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди.
Президент Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына — соода-экономикалык, өнөр-жай тармагы, гидроэнергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм кирерин, Кыргызстан үчүн Германиялык инвестицияларды тартуу, чакан жана орто ишкердикти түзүү жана айыл чарбада кызматташуу актуалдуу болуп эсептелерин белгиледи.
Кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү, маданий-гуманитардык жаатта, билим берүү жана илим тармагында мындан ары да тыгыз кызматташууга басым жасалды.