06:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркель менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков ГФР Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи.

«Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес», — деп белгиледи Ангела Меркель.

Ал Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канаттануусун билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.

«Мен сиздердин агрардык сектордогу кооперативдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өтүнүчүңүздөр тууралуу маалыматым бар. Биз бул чөйрөдө кызматташа алабыз, фитосанитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз », - деди ал.

Ангела Меркель Мюнхенде өткөн кыргыз-герман форуму экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болооруна ишеним артты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгиледи.

Ал расмий визиттин алкагында эки күндүн ичинде болгон жолугушуулар жана иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

«Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери кирзилүудө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштоодо», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар