12:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбековдун Мюнхен шаарында жолугушуусу өттү

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Германиянын Мюнхен шаарында Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Флориан Херманн Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Германиянын Канцлери жана Президенти менен жолугушуунун алдында анын Баварияга келгенине кубанганын жана бул достук кадам экенин белгиледи.

«Бул биздин достук мамилелер үчүн жакшы жышаан. Бүгүн сиздерди абдан кызыктуу жолугушуулар күтөт жана алардын бири — Мюнхендин илимий-изилдөө борбору да болуп эсептелген айыл чарба ишканасына баруу», — деди Флориан Херманн.

Ал Германиянын Кыргызстандагы элчиси жыл сайын ага Кыргызстандан абдан кызыктуу жана кооз сүрөттөрдү жиберип тураарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирди, эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүү жөнүндө айта келип, айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Германия экономикасынын кезектеги Үчүнчү Күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды. Ал германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырып, бүгүн бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча ишкер чөйрөлөрдүн өз ара алакаларын кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюларын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби