Мугалимдердин акысы жаңы окуу жылында көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал 2019-2020-окуу жылына карата мугалимдердин маянасын көтөрүү пландалып жатканын белгиледи.
«Буйруса жаңы окуу жылын жаңы айлык акы менен башташат», — деди ал.
Андан тышкары, аскер кызматкерлеринин дагы маянасы көбөйтүлөт.
«Даарыгерлердин дагы маянасы аз. Алардын айлыгына этабы менен кошулат», - деди президент.