12:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент партиялардын ичиндеги демократияны өнүктүрүүгө чакырды

«Партияларда вождизм болбошу керек», — деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал сөз эркиндиги, күчтүү парламент демократиялык коомдун кепилдиги экендигин белгиледи.

«Күчтүү парламент үчүн партиялар жана алар түзгөн талапкерлердин тизмеси жооптуу. Андыктан партиялардын ичинде бир кишинин үстөмдүгү, партиялык вождизм болбошу керек», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы шайлоо алдындагы босоголук чекти 3-4 пайызга чейин түшүрүү сунушуна каршы пикирин билдирди.

«9 пайыздык босоголук чек партияларды ирелештирүү максат болгон. Буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, буга партия лидерлери даяр эмес. Жашырганда эмне эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт. Ошондуктан партияларды ирелештирүү саясатчыларыбыз үчүн эрте болорун көрсөттү. Босоголук чекти 5-3 пайызга төмөндөтүү боюнча айткандар жаштарга мүмкүнчүлүк берели деген аргументтерди айтууда. Чынында алар жаштарды бетине кармап алып, өз камын көрүп жатышат. Пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков шайлоодо баардык саясый күчтөргө бирдей мамиле болорун убалады.

Жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланып келгем. Кайсы партия болбосун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенге даярмын.

Сооронбай Жээнбеков.
Эң көп окулган жаңылыктар