00:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент саясатка сүңгүбөй, илим-билим, экономика менен алектенүүгө чакырды

«Саясат менен алектенбей, илим-билим, экономика тармагын дагы унутпашыбыз керек», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө.

Ал Кыргызстан замандан арта калбаш үчүн жаңы технологияларды киргизүү жаатында иш алып барышы керектигин билдирди.

«Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында жаңы технолгияларды киргизүү жаатында иш жүрүт жатат. Мектептер толугу менен интернет менен камсыз кылынат», — деди ал.

Өлкө башчысы миграциялык саясат менен бирге социалдык саясатты дагы өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

«Кыргызстандын калкы жылына 122 миң кишиге көбөйүп жатат. Сыртта 700 миң киши жүрөт. Билимге, ден-соолукка, адам потенциалын өстүрүүгө, коом турмушун өзгөртүү, жаңылоо үчүн социалдык абалын чыңдоого милдеттүүбүз», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума