10:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

2020-жылкы шайлоодо баардык партияларга бирдей шарт түзүлөт

2020-жылкы шайлоодо баардык партияларга бирдей шарт түзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал парламенттик шайлоонун катышуучуларынын баарына бирдей укук берилерин белгиледи.

«Тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр бир мурда кабыл алынып, партиялар оюн эрежелерин алдын ала билип, баары бирдей, тең ата укукта катышат», — деди президент.

Сооронбай Жээнбековдун пикиринде, партиялык система өнүгүп, партиялардын ичинде демократия орногондо гана өлкө демократиялык өнүгүүлөргө бет ала алат.

Эң көп окулган жаңылыктар