12:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 3 киши жабыркады

Ысык-Көл облусунда «БМВ» жана «Фольксваген Гольф-3» үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшүп, 3 киши ооруканага түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда катталган.

«30 жаштагы Түп районунун тургуну «Фольксваген Гольф-3» унаасын айдап бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан «БМВ» унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктан эки унаанын айдоочулары жана 5 жаштагы бала Балыкчы шаардык оорукананын жандандыруу жана сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп билдиришти башкармалыктан.

Эң көп окулган жаңылыктар