15:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт

7-апрелден 8-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-92-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар