Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылында «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп, 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык айылдагы көчөдө болгон.
Өрттүн кесепетинен унаанын 1984-жылы туулган айдоочусу К.Э. каза болгон. Анын денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.