Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолундагы кырсыкта 4 киши каза тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки унаа бетме-бет сүзүшкөн.
«Каза болгондордун экөө жаш балдар. Дагы 3 киши жаракат алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылды», -деп билдиришти ОИИББдан.
Окуя Бактуу-Долоноту айылында бүгүн түнү болгон.