Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кыдырша айылында сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 600 боо жүгөрү сабагы жана 30 түк чөп күйгөн.