Бүгүн «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДПнын съезди өтүп жатат.
Учурда келгендердин саны 200дөн ашты. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 600 адамдын келиши күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Иса Өмүркулов КСДП кезектеги съездин 3-апрелде өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.