09:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат: КСДПнын мөөрү жана документтери Кыргызстанда эмес

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов 24.kg агенттигине берген маегинде, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан партиялык мөөрдү жана негиздөөчү документтерди ажыратуу боюнча соттук иште ал жеңүүчү болгонун билдирген. Ал жакынкы аралыкта КСДПнын толук укуктуу төрагасы боло турганын кыйыткан. Бирок, «Медиа Форумдун» имаратын тинтүү маалында документтер жана мөөр табылган жок.

Буга жооп кылып депутат Ирина Карамушкина Фейсбук баракчасына каардуу пикирин жазды.

«Сагынбек Абдрахманов деген кандай гана шүмшүк! Жагынгандардын жана саткындардын убагы келди. Асылбек Жээнбеков менен Сагынбек Абдрахмановдун партияны рейдерлик жолу менен басып алуусу уланууда. Аскер прокуратурасы нормативдик процедураларды бузуп, биздин партиянын мүчөлөрү, юристтер, басма сөз катчысы жок эле партиянын документтерин алып чыгып кетишкен», -деп жазды депутат.

Ал мөөрдү жана керектүү документтерди өлкөдөн таба албай тургандыктарын айтып, «КСДП Атамбаевсиз» кыймылына жаңы партия түзүп аны каттоодон өткөрүүнү сунуш кылды. «Даяр нерсеге көнүп калышкан да», -деп айыптады депутат аларды.

Эң көп окулган жаңылыктар