03:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сагынбек Абдрахманов КСДПнын документтерин кайтарып берүүнү талап кылат

Альтернативдүү КСДПнын төрагасы Сагынбек Абдрахманов саясий уюмдан мөөрдү жана документтерди кайтарып берүүнү талап кылып, сотко бере тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Адилет министрлигинен ал өзү жетектеген партия каттоодон өтсө дагы күбөлүктү колго ала элек. Бул үчүн негиздөөчү документтерди жана мөөрдү көрсөтүшү керек.

«Бирок, алар жоголуп кетиптир. Документ менен мөөрдүн бизге кайтарылышын талап кылабыз. Анын үстүнө соттун биздин пайдабызга чечкен чечими бар», -деди Сагынбек Абдрахманов.

Ал документтерди жоголуп кетти дегенине ишенбейт. Айтымында, Атамбаевдин тарапташтары жөн гана мыйзамдуу ээсине тапшыргылары келген жок.

Эске салсак, «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов 24.kg агенттигине берген маегинде, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан партиялык мөөрдү жана негиздөөчү документтерди ажыратуу боюнча соттук иште ал жеңүүчү болгонун билдирген. Ал жакынкы аралыкта КСДПнын толук укуктуу төрагасы боло турганын кыйыткан. Бирок, «Медиа Форумдун» имаратын тинтүү маалында документтер жана мөөр табылган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума