02:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сагынбек Абдрахманов: Социал-демократиялык партия маалымат жыйынын өткөрөт

Сагынбек Абдрахмановдун жетекчилиги алдындагы Социал-демократиялык партия декабрда маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Айтымында, партиянын жолугушуусуна Сагынбек Абдрахманов КСДПдан чыккан жогорку кызматтагы аткаминерлердин баарын чакырмакчы.

«Жыйындын жыйынтыгы боюнча КСДПнын курамында кимдер калганы жана кимдер чыкканы тууралуу тизме жаңыланат. Эл кимдин ким экенин билүүгө укугу бар», — деди ал.

Сагынбек Абдрахманов билдиргендей, сотто мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын бир бөлүгүнөн мөөрдү жана негиздөөчү документтерди алуу боюнча процесс уланууда.

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина мөөрдү жана документтерди Кыргызстанда эмес деп айткан.

Эске салсак, «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов 24.kg агенттигине берген маегинде, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан партиялык мөөрдү жана негиздөөчү документтерди ажыратуу боюнча соттук иште ал жеңүүчү болгонун билдирген. Ал жакынкы аралыкта КСДПнын толук укуктуу төрагасы боло турганын кыйыткан. Бирок, «Медиа Форумдун» имаратын тинтүү маалында документтер жана мөөр табылган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар