Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кант шаарынын 24 жаштагы тургуну MAN үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай каршы тилкедеги ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгүн сүзүп токтогон.