12:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ошто унаалар сүзүшүп, бир унаа толугу менен күйүп кетти

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Mercedes Benz жана Ford үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, кесепетинен экинчи унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, экинчи унаа менен сүзүшкөн. Кесепетинен Ford толугу менен күйүп кеткен.

Кырсыкта эки айдоочу жана Mercedes Benz унаасынын эки жүргүнчүсү түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар