УКМКнын басма сөз кызматы камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдинбилдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, Дүйшөнбек Зилалиевдин айткандары чындыкка дал келбейт.
«Дүйшөнбек Зилалиев коомдун башын айландыруу максатында бир нече жолу чуулгандуу билдирүүлөрдү жасаган. Буга байланыштуу УКМК эч нерсе менен тастыкталбаган билдирүүнү кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана ишти саясатташтыруу аракети катары баалайт», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жасап, «эгер мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, мени УКМКнын тергөө абагынан чыгарууну убадалашты», — деген.