00:27
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Зилалиев: Балдарымдын окуусуна байланыштуу Латвияга акча которулган

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын анын үй-бүлөсүнө Латвияда козголгон кылмыш ишине байланыштуу тараткан маалыматы боюнча «Азаттыктын» суроосуна жооп берди.

«Менин жактоочуларым УКМКнын маалыматы боюнча Интерполго кайрылуу жөнөтөт. Жообу келгенде анын жыйынтыгын силерге ачык айтабыз. Латвияда балдардын эсебине билим алуусу үчүн чоң суммада эмес, 5-6 миң же 14 миң доллардай каражат салынган. Мен Латвияга өзүм барган эмесмин, эсеп бул жактан ачылган», -деди Зилалиев. 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.

Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Бүгүн 7-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин аялына жана балдарына карата «акчанын изин жашыруу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун маалымдады.

«Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматына караганда, Зилалиевдин аялы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин ал эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которулган» деп билдирди УКМК. 

Эң көп окулган жаңылыктар