06:32
USD 87.43
EUR 102.72
RUB 1.16

Нарында сарайдан өрт чыгып, 5 баш жандык күйүп кетти

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара-Суу айылында сарайдан өрт чыгып, 5 баш жандык күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан улам жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 72 чарчы метр чатыры жана 5 баш жандык мал (кой, эчки) күйгөн.

Өрттүн келип чыгуусуна мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар