11:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Көп кабатуу жайдан кулаган. Жакындары өз жанын кыюуга аракет кылганына ишенбейт

Бишкекте 3-кабаттан кулаган баланын туугандары анын өз жанын кыюуга аракет кылганына ишенишпейт. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине билдиришти.

Айтымдарында, 25 жаштагы жаран өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн эмес.

«Ал кандай жагдайда каза болду, тергөө иликтейт. 3-кабаттан кулаганда анын кабыргалары сынышы мүмкүн эмес эле. Ошондой эле, мээсине кан тамып кеткенине ишенбейбиз. Ал жеке компанияда иштечү. Артында аялы жана 2 баласы калды. Каза болгон күнү ал өз достору менен мейманкананы ижарага алган экен, алар ичимдик ичишкени аныкталды. Айрымдары баңгизат колдонуптур, бирок биздин тууганыбыз баңгизат колдонгон эмес. Ал өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн эмес», -деди маркумдун туугандары.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, 25 жаштагы жигит башы менен тийип каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума