USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Чүйдө кичи автобус оодарылып кетти

17:55, 29 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Чүйдө кичи автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-мартта болжол менен 16:00-16:30 чамасында Нарындан Бишкекке келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу Милянфан айылынын тушунан бурулуп жатканда, артынан «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил унаа келип сүзүп алган.

Кесепетинен кичи автобус капталына оодарылып калган. «Ауди» үлгүсүндөгү унаада отурган 13 жаштагы кыз жеңил жаракат алган, калгандары жабыркаган эмес.

Жол кырсыгынын себептери такталууда. Эки унаа тең айып короого токтотулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика