Ысык-Көл районунун Көк-Төбө айылындагы үйдүн короосунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктан үйдүн короосундагы 40 чарчы метр жыгач тосмосу жана таштанды күйгөн. Кырсык отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан келип чыккан.
Мындан тышкары Каракол шаарындагы мончодон өрт чыкты. Анын кесепетинен мончо менен кампанын 32 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйгөн.