00:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Ата Мекен» партиясы тарабынан 23-апрелге пландалган митинг мөөнөтсүз болот

«Ата Мекен» партиясы тарабынан 23-апрелге пландалган митинг мөөнөтсүз болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, акция качан Жогорку Сот мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого жиберүү тууралуу чечим кабыл алганда башталат.

«Биз акыйкат соттук чечимге жетишибиз керек», -деди лидер. Ал митингдин кандай өтөөрүн партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимге жараша боло турганын айтты.

Акциянын катышуучулары Өмүрбек Текебаевге гана эмес, мурунку депутат Садыр Жапаровго карата адилеттүүлүктү талап кылышат.

Эң көп окулган жаңылыктар