00:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Орзубек Назаровдун кызынын соту. Айыпталуучу объективдүү өкүм чыгарууну суранат

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту бокс боюнча дүйнө чемпионаты Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылган кызынын ишин кароодо.

Спортчу ИИМден кенемте катары 10 миллион сом талап кылууда. Анын пикиринде, кызынын жол кырсыгына кабылышына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күнөөлүү.

Процесстин жүрүшүндө соттолуучу Шүкүр Умиров акыркы сөзүн айтты. Ал соттон объективдүү жана адилеттүү чечим чыгарууну суранды. Ушундай эле өтүнүч менен экинчи күнөөлүү Улан Султангазиев дагы чыккан болчу.

Сот Мирлан Термечиков жыйын бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эске салсак, 2017-жылы Орзубек Назаровдун кызы Аделина досу менен мотоциклде бара жатып унааны сүзүп алышкан. Кыздын досу окуя болгон жерде каза болгон. Унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири кийинчерээк ооруканадан жан берген. Ал эми спортчунун кызы жаракат алган. Прокуратура мотоциклдин аркасынан тартип сакчылары негизсиз кууган деген бүтүм чыгарып, кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар