11:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ИИМ жана тескөөчүлөр Орзубек Назаровго кенемте төлөп бериши керек

Кыргызстандын Жогорку соту бокс боюнча дүйнө чемпионаты, мурунку депутат Орзубек Назаровдун доосу боюнча алгачкы 2 инстанциянын өкүмүн канааттандырып, чечим чыгарды. Ал өзү 24.kg агенттигине маалыматты тастыктады.

Доогердин айтымында, соттун чечими боюнча 256 миң сом алат. Бирок, доо арызда баштапкы сумма 10 миллион деп турат. Кылмыш-процессуалдык мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча келтирилген чыгымдын суммасы 100 миң сомдон ашпашы керек деп белгиленген. 156 миң сом Орзубек Назаровго комушча кенемте катары төлөнөт.

Эске салсак, 2017-жылы Орзубек Назаровдун кызы Аделина досу менен мотоциклде бара жатып унааны сүзүп алышкан. Кыздын досу окуя болгон жерде каза болгон. Унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири кийинчерээк ооруканадан жан берген. Ал эми спортчунун кызы жаракат алган. Прокуратура мотоциклдин аркасынан тартип сакчылары негизсиз кууган деген бүтүм чыгарып, кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар