09:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дастанбек Конокбаев: Футбол борбору Чүй облусунда курулушу мүмкүн

Футбол борбору Чүй облусунда курулушу мүмкүн. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев билдирди.

Ал федерациянын спорттук инфраструктураны жакшыртуу үчүн каражат тартууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

«Биз өлкөнүн ар кайсыл аймактарындагы стадиондорду- 70 объектини көрүп чыктык. Алардын 90 пайызы начар абалда. Бирок спортто ийгиликке жетиш үчүн, инфраструктураны өнүктүрүп, жаш спортчуларды даярдаш керек», — деди ал.

Дастанбек Конокбаевдин айтымында, учурда Орок айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал жергиликтүү бийлик футбол борборун куруу үчүн 20 гектар жер аянтын бөлүп берүүгө даяр экенин кошумчалады. Айтымында, эгер Бишкектин бийлиги менен консенсунска келе алышпаса, анда федерация «Алга» клубу үчүн чакан стадион курууга каражат тартууну көздөшөт.

«Премьер-лигага бишкектик 3 команда, «Дордой», «Илбирс» жана «Алга» кирет. «Алга» командасынын өзүнүн базасы жок. Биз футбол борбору алардын үйү болуп калат деп пландаганбыз. Футболдун курама командасы ар дайым машыгышпайт да», — деди ал.

Эске салсак, Футбол федерациясы мэриядан спорт комплексин куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүнү суранууда. Федерация курулуш иштерине — 8-10 миллион долларга жакын каражат тартууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби