19:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кричин каршылашын сабап салды

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин оюн учурунда каршылашына кол көтөрүп, андан соң ала салып көтөрүп чаап салды. Бул окуянын видеосу социалдык тармактарда жарыяланды.

Белгилүү болгондой, Валерий Кичин красноярсктын «Енисей» курама командасы менен бирге оюнга катышмак, алар Крымск шаарында машыгууну башташкан. Кечээ клуб «СКА-Хабаровск» командасына каршы эки оюн өткөрдү.

Биздин футболчу негизги курамдын экинчи оюнуна чыгып, беттеш маалында мушташты баштаган. Ал адегенде атаандашын бетке чаап, андан соң ала салып көтөрүп чаап салган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума